Бажы алымдарынан бошотулган электромобилдер: Кыргызстан жарандары үчүн жаңы тарифтик жеңилдик
22.12.2025 15:54
5
2025-жылдын 11-декабрында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 2026-жылы электромобилдерди ташып келүүгө тарифтик жеңилдиктерди берүү чечимин кабыл алышкан.
Мурда квота 10 000 түзсө, чечимге ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын жарандары бажы алымдарын төлөбөстөн 15 000 электромобилди ташып келе алышат. Бул чечим Кыргызстанга ташып келүүчү «таза электр унааларына» (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8703 80 000 3) жана «ырааттуу гибриддерге» (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8703 80 000 5) тиешелүү.
Ушундай эле шарттар Армениянын жарандары үчүн (15 миң унаага чейин) жана Беларусиянын жарандары үчүн (20 миң электромобилге чейин) каралган.
Жеңилдик тиешелүү өлкөлөрдө туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошону менен бирге, мындай унааларга ээлик кылуу жана пайдалануу укуктарын ЕАЭБге мүчө айрым мамлекеттердин жарандарына жана резиденттерине өткөрүп берүүгө чектөөлөр белгиленген.
Кабыл алынган чечим экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө жана Бирликке мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө багытталган.