Бажы кызматы адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтөт
22.12.2025 15:45
2
2025-жылдын 4–5-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери үчүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча практикалык тренинги өткөрүлдү. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өттү. Тренингге бажы кызматынын он беш кызматкери катышты.
Катышуучулар “адамдарды сатуу” кылмышынын өзгөчөлүктөрүн жана аны аныктоодо жана бөгөт коюуда бажы органдарынын ролун карап чыгышты. Адамдарды сатуунун курмандыктарын багыттап жөнөтүүнүн улуттук механизминин алкагында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү өзүнчө каралды, бул чек ара кызматкерлеринин аракеттери жарандарды коргоого кандай деңгээлде өбөлгө түзөрүн аныктоого мүмкүндүк берди.
Тренинг тобокелдиктерди аныктоо, кырдаалдарды талдоо жана адамдарды сатуунун мүмкүн болгон учурларына жооп кайтаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү берди. Алынган билимдер мамлекеттик чек арадагы коопсуздукту жогорулатуу үчүн укук коргоо жана социалдык түзүмдөр менен биргелешип иштөөдөгү бажы кызматынын кызматкерлеринин билимин бекемдеди.