Өзүн-өзү даярдоо үчүн тесттик суроолордун жана адабияттардын тизмеси

Өтүү

Өзүн-өзү даярдоо үчүн тесттик суроолордун жана адабияттардын тизмеси

Өтүү

Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү: QR төлөмдөрүн ишке киргизүүнүн жыйынтыктары

22.12.2025  16:04

8

Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү: QR төлөмдөрүн ишке киргизүүнүн жыйынтыктары

2025-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке киргизди. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары эми банк кассасына көз каранды болбостон, күндүн каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ишке киргизилгенден тартып (октябрдын аягы) QR код аркылуу 1 миллиард 319 миллион сом суммадагы бажы төлөмдөрү төлөндү.

"Элдик Банк" ААК менен биргеликте ишке ашырылган бул санариптик чечим кезек күтүүнү жок кылат, тариздөө процессин тездетет жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.