КККББнын кызматкерлери дары-дармектерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн мыйзамсыз бошотууларды аныкташты
22.12.2025 15:49
2
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Пакистандан «M.P.». ЖЧКсынынын дарегине дары-дармектерди алып кирүүдө КНС төлөөдөн мыйзамсыз бошотууларды аныкташты. Жүктүн жалпы салмагы 940 кг түзгөн.
Бажы контролунун жүрүшүндө «M.P.» ЖЧКсынын өкүлү товарларды Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-августундагы №539 токтомунда каралган КНС төлөө боюнча жеңилдиктерди колдонуп, декларациялаганы аныкталган. Бирок кошумча текшерүү бул жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын көрсөттү, анткени «Кларион» (кларитромицин) жана «Клопид ASP 75» (клопидогрел + ацетилсалицил кислотасы) дары-дармектери КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмегине кирбейт.
Мыйзамсыз бошотулган КНСтин суммасы 489 820 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 634 335 сом өндүрүлгөн.